Балдардын Жаңы жылдык балатысы.
2022-жылдын 26-декабрынан 28-декабрга чейин бала бакчада бардык тайпаларда жаңы 2023-жылга арналган Жаңы жылдык майрамдык салтанат өткөрүлдү. Балдар Жаңы жылга арналган ырларын айтышты жана жалпы ырлардан ырдашты. Ар кандай каармандардын костюмдарын кийип түрлүү бийлерден бийлешти. Ар бир тайпада, Жаңы жылдык жомокторду аткарышты. Тарбиячылар көптөгөн каармандардын ролун аткарышып, балдардын көңүлдөрүн көтөрүштү. Жаңы жылдык балатыга, Аяз ата менен Аяз кыз келип балдардын оюн-зоок кечесине күбө болуп, ыраазычылыгын билдирип, белектерин берип, балдарды сүйүнүчкө бөлөдү. Ар бир балатыга катышкан балдардын маанайы өзгөчө-бир башкача сезимдерде болуп, балдардын жан дүйнөсүн азыктандырды. Салтанаттын аягында балдар Аяз ата, Аяз кыз жана жомоктогу каармандар менен сүрөткө эстеликке түшүшүп, эсте калаарлык жакшы маанайда тарашты.
Комментарии