№186 МЧББУ Мектепке чейинки билим берүү мекеме №186

Ички тартиби

186 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин (МЧББМ)  ички тартип эрежелери.

Ички тартибиКыргыз Республикасынын Эмгек кодексине  ылайык, МЧЮЮМ иштерин  тартипке келтирүү жана эмгек тартибин бекемдөө максатында төмөндөгу эрежелер  иштелип чыккан жана бекитилген.

1 Жалпы  жоболор

Эрежелер – бул кызматкерлерди  ишке кабыл алуу жана кызматтан бошотуу,эмгек келишимин түзгөн жактардын жоопкерчилиги  жана милдеттери,негизги укуктары,  иш режими, эс алуу мезгили,кызматкерлерге карата сыйлоо  жана жаза көрүү чаралары,ошондой эле эмгек мамилелеринин  башка маселелерин жөнгө салуучу нормативдик актылар.  Эрежелер мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жамаатынын ишин натыйжалуу уюштурууга жана эмгек тартибин бекемдөөгө өбөлгө түзүлүшү керек.

Ички эмгек тартибинин негизги эрежелери  администрация жана профсоюз  комитетинин сунушу боюнча  МЧББМ эмгек жамааты тарабынан бекитилет.

Ички эмгек тартибинин негизги эрежелерине байланыштуу  маселелер  МЧББМ  администрациясы, ошондой эле өз укугунун чегинде жана колдонулуп жаткан мыйзамга ылайык, эмгек жамааты тарабынан  чечилет.

Ички тартиби Ички тартиби Ички тартиби Ички тартиби