№186 МЧББУ Мектепке чейинки билим берүү мекеме №186

Биз жөнүндө

  Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүүнү бардык балдар үчүн жеткиликтүүлүгү жана сапаттуу болушун камсыздоо

Биз жөнүндө

Логотип.

                        Биз жөнүндө

 

                                                     “Ак- Жол”

    ” Жаңы программалар менен  иштөө, альтернативдүү бакчаларга жол көрсөтүү”

                                               (30 декабрь 1992 жыл)

 

            Бишкек  шаарынын   Ленин районуна караштуу

                         №186 “Ак-Жол” МЧББУ

№186 “Ак-Жол” МЧББУ  “Ак-Өргө”  конушундагы

“Ай” көчөсүндө,  1де  жайгашкан. Долбоор  боюнча  6  тайпа  140  орунга  эсептелген. Иш  жүзүндө  400  бала  тарбияланат.

Бала  бакчада  33 адам  эмгектенишет,  алардын  ичинен

15  адам  педагог эмгектенет. 1адам Билим берүүнүн отличниги, 5адам жогорку категорияда, калган педагогдор бардыгы жогорку билимдүү.

№186  МЧББУ  “Мектепке  чейинки  мыкты мекеме”  номинациясы  боюнча  2003 – жылы  2-орунду,

2007 – жылы  жана  2009 – жылдары  1 – орунду  жеңип  алган.  Бишкек  шаарында  эң  мыкты  бала  бакчалардын  бири.

         Бала  бакчанын  директору 

Майгулакова Дильнара Жолдошевна.  Билим берүүнүн отличниги.  

          Балдарды  тарбиялоо  жана билим  берүүнү  бала  бакча  төмөнкүдөй  мамлекеттик программалар  боюнча  жүргүзүлөт:  Мектепке  чейинки  балдарды тарбиялоо,  Билим  берүү  жана  өстүрүү  ар  тараптан  арттыруучу программасы,  6-7  жаштан  балдарды  мектепке  даярдоочу,  ар тараптан  өстүрүүчү (базистик)  программа,  “Энелер  мектеби” прграммасы, “Балалык” мамлекеттик программасы, №186  “Ак-жол”  МЧББУ “Эрайым”,  “МЭУсу”, “Бөбөктай”  уюмдары  менен тыгыз  кызматташтыкта  иш  жүргүзүп,  мектепке  чейинки балдарга  билим  берүүнүн  сапатына  шарт  түзүп  турат.  22 жылдан  бери МЧББУ  КРда  биринчилерден  болуп  фонд  “Сорос – Кыргызстан”,  “Step  by  step”,  Детский  фонд  ООН  ЮНИСЕФ  “Эрте жаштагы балдарды өнүктүрүү”,  “Энелик мектеби” программалары менен иштеп  келе  жатат.  Бүгүнкү  күндө  “Энелик мектеби”  жаңы конуштарда  жана  КР  Ош,  Жалал-Абад,  Нарын,  Чүй  областарында  жайылтып  иштеп  жатат.  Жаш кадрларды  тарбиялоодо  эң  мыкты  тарбиячылар  эмгектенишет.

  1. Маканбаева Мээрим Исманалиевна
  2. Дүйшеева Асимкүл Жолдошевна
  3. Өмүрзакова Динара Турдалиевна
  4. Карабекова Анара Амановна