№186 МЧББУ Мектепке чейинки билим берүү мекеме №186

Новости

2022-жылдын 26-декабрынан 28-декабрга чейин бала бакчада бардык тайпаларда жаңы 2023-жылга арналган Жаңы жылдык майрамдык салтанат өткөрүлдү. Балдар Жаңы жылга арналган ырларын айтышты жана жалпы ырлардан ырдашты. Ар кандай каармандардын костюмдарын кийип түрлүү бийлерден бийлешти. Ар бир тайпада, Жаңы жылдык жомокторду аткарышты. Тарбиячылар көптөгөн каармандардын ролун аткарышып, балдардын көңүлдөрүн көтөрүштү. Жаңы жылдык балатыга, Аяз ата менен […]
29.12.2022 107
[video width="512" height="640" mp4="https://doo186.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/122/2022/12/whatsapp-video-2022-12-27-at-07.34.28.mp4"][/video] [video width="512" height="640" mp4="https://doo186.edubish.kg/wp-content/uploads/sites/122/2022/12/whatsapp-video-2022-12-29-at-13.18.29.mp4"][/video]
29.12.2022 115
186 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде балкондорду реконструкциялоонун эсебинен кошумча орун пайдаланылды 4 тайпа, орто, 2 жогорку жана даярдоо топтору үчүн 120 кв.м. Бул жайлар балдардын ийримдик чыгармачылык ишмердүүлүгү үчүн иштейт. Мугалим Абдрасулова Айжамал балдарга декоративдик искусствонун элементтерин үйрөтүп, түстүү кийизден манжа театрынын атрибуттарын, кол өнөрчүлүктүн бардык түрлөрүн жана майрамдык жасалгаларды жасоону үйрөтүп жатканына кубанычта, […]
20.12.2022 140
2022-жылдын 13-декабрында 1-жогорку тайпа “Айтматов аалам жылдызы” темасында иш-чара өткөрүштү. Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, улуу жазуучуну эскерип, тарбиячы чыгармаларынан көркөм окуп, балдар болсо “Биринчи мугалим” чыгармасынан театрда үзүндү коюп беришти. Айтматовдун чыгармалары балдарга чоң таасир калтырды.
15.12.2022 1795
2022-жылдын 7-декабрында 2-жогорку тайпада Манастын жумалыгына карата “Манас биздин мурасыбыз” темасында иш- чара өткөрүлдү. Манасты таануу менен балдарды потриоттуулукка, ынтымактуулукка, биримдикке чакыруу.
07.12.2022 148
2- кенже тайпанын комплекстүү ачык сабагынын темасы:”Токойго саякат” ортоңку тайпанын комплекстүү ачык сабагынын темасы: “Күзгү жалбырактар” 1-жогорку тайпанын комплекстүү ачык сабагынын темасы: “Түшүм жыйноо” 2-жогорку тайпанын комплекстүү ачык сабагынын темасы: “Көңүлдүү жума күндөрүнө саякат” даярдоо тайпанын комплекстүү ачык сабагынын темасы: “Сыйкырдуу бак”
06.12.2022 98
№186 МЧББУ да 2022-жылдын 18-ноябрында “Мектепке чейинки курактагы балдардын метрдик-ыргактык сезимин калыптандыруу” темасында шаардык семинар болду. Семинар эң жогорку деңгээлде өттү. Семинардын катышуучулары өзүлөрүнүн билимдерин жогорулатышып, бири -бири менен тажрыйбаларын бөлүшүп, бала-бакча жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.    
06.12.2022 79
2022-жылдын 2-ноябрында ортоңку тайпада “Алтын күз” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Майрамда балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп, күз мезгилин жакшы маанай менен узатышты.
06.12.2022 81
2022-жылдын 25-октябрында 2-кенже тайпасында күз майрамын өткөрүштү. Майрамда балдар көбүнчө оюндарды ойношуп, жомоктун каармандары менен бирге көнүл ачышты. Ата-энелер менен бирдикте көргөзмө өткөрүлдү.
06.12.2022 102
2022-жылдын 1-ноябрында 1-жогорку тайпа “Берекелүү күз” аттуу майрамдык салтанат өтүштү. Салтанатта балдар күз мезгили жөнүндө ырдап, бийлешип, оюн ойношуп жакшы маанайда өткөрүштү. Майрамга жомоктогу каармандар келишип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
06.12.2022 82
Балдарга күз майрамы абдан жакты.
05.12.2022 87
Күз майрамы көңүлдүү өттү.
05.12.2022 110
1 / 712345...»