№186 МЧББУ Мектепке чейинки билим берүү мекеме №186

Ата-энелер үчүн маалымат

 № 186 ” Ак-Жол” балдар бакчасынын эң приоритеттүү багыты- ата-энелер менен тыгыз байланышта кызматташуу. Кызматташуунун негизги максаттары:

  1.  Ата-энелер,педогогдор жана коомчулук менен бирдикте балдарды ар тараптуу- сапаттуу тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана мектепке даярдоо.

  2.  Үй- бүлө шартында мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана мектепке даярдоо боюнча  ата-энелердин педогогикалык маалыматтуулугун жогорулатуу.

  3. Балдарды тарбиялоо, окутуу, өнүктүрүү жана мектепке даярдоодо,педогогдордун  компетенттүүлүккө негизделген ишмердүүлүгү.

 

                              Ата-энелер жөнүндө маалымат

                  420 үй-бүлөөнү бейлөө жүргүзгөндөн кийин, жагдайы төмөнкүдөй болуп чыкты:

  80 %-толук үй-бүлө

 10%– толук эмес үй-бүлө

  10%– туугандардын колунда калган балдар.

   Анын ичинен 70% ортоңку билим алган ата-энелер.

  30%  жогорку билим,бюджетте иштеген ата-энелер.

 

                           Ата-энелер комитеттеринин чогулушунун                                                             тематикалык иш планы

                                                2018-2019 жыл

Иш чаралар Аткаруу мөөнөтү      Жооптуулар
1 “Карысы бардын ырысы бар”       октябрь Директор,усулчу,

тарбиячылар

2 “Эң мыкты үй-бүлөө”

(конкурс)

      ноябрь Директор,усулчу,

ортоңку тайпа

3 “Ата-энелер менен тарбиячылардын мамилеси”           (тегерек стол)       декабрь Усулчу,тарбиячылар
4 “Айым күнүм ата-энем”        январь тарбиячылар
5 “Эң мыкты ата” (конккурс)       февраль Жогорку тайпа
6 “Менин сүйүктүү апакем”            март 1-даярдоо тайпа
7 “Уядан эмнени көрсө,учканда ошону алат”           апрель 2-даярдоо тайпа
8 Жыйынтыктоо           май Директор,усулчу, тарбиячылар

                                    Ата- энелер үчүн эрежелер.

    1. Ата-энелер бакчанын күн тартиби  менен кабардар болуш керек.
    2. Ар бир айда ата-энелер чогулушу болот.
    3. Ата-энелер комитеттери өзүнүн милдеттерин аткарылышына жигердүү катышуусу.
    4. Балдарды 8.30 дан кечикпей алып келүү (тарбиячы сабак 9.00дө өтүп жаткандыгына тоскоол болбоо).
    5. МЧББУнун иш-чараларына жигердүү катышуу, башка ата-энелерди тартуу.
    6. Бакчанын жамаатына сый -урмат менен мамиле кылуу,  кыйкырып,ызы-чуу салганга,  спирт ичимдигин ичип келүүгө  тыюу салынат.
    7. Ачык сабактарга жана көңүл ачуу аземдерине ата-энелер комитеттери гана катыша алышат.
    8. Талаш-тартыш, түшүнбөстүк  жагдайларды этика комитети аркылуу чечилет    (тарбиячы  менен  ата-энелердин ортосундагы, ата-энелер менен ата- энелердин ортосундагы).
    9. Ата-энелерге тайпага кирүүгө  болбойт.
    10. Ата-энелер  тайпаларга кирип телефонго, видео тартууга тыюу салынат.

 

     Ата-энелер комитеттери.

1. Тамак-аш боюнча.

1. Шопокова Жыпара

2. Берикова Элнура

3. Исабеков Азамат

4. Шералиева Айнура

5.Шаршенбиев Замир

6. Аманбекова Жазгүл

7. Маралбаев Сыпайбек

8. Шаршеев Максат

  2. Антикоррупция боюнча.  

      1.    Элебесова Кулийпа
      2.  Дуйшеева Света
      3.  Капаров Жеңиш
      4.  Усенкожоева Чынаркүл
      5. Уланбеков  Азамат

3. Майрамдык кечелер боюнча.

      1.  Миңбаева Гульнара
      2. Мусаева Айдана
      3. Аламанова Айжамал
      4. Нурманбетова Наргиза
      5. Азимбаева Эльнура
      6. Темирбек кызы Гульзат

4. Окуу процесстери боюнча 

      1. Сооронбаев Аман
      2. Осмонова Салтанат
      3. Табылды уулу Мирлан
      4. Исаев Акылбек
      5. Сыдыгалиева Индира

5. Этика боюнча.

      1. Саякбаева Чачикей
      2. Муканбетова Индира
      3. Какешов Таалайбек
      4. Ажыпбаев Канат
      5. Муратбекова Наргиза
      6. Бөдөшов Айбек

6. Материалдык- техникалык база боюнча.

    1. Акунов Акжол
    2. Жоробекова Акылай
    3. Молдалиева Наргиза
    4. Эсенбай кызы Мээрим
    5. Кожоев Баатырбек

                                     Ата-энелер менен иштөө

1.Ата-энелер  чогулушунун  тематикалык  планын  түзүү   2018-2019ж

2.Ата-энелер чогулушунда 2018-2019 жылдын ата-энелер жыйналышынын тематикалык планы менен тааныштыруу.

3.Коррупцияга каршы өтүлүүчү иш-чаранын планы- октябрь,сентябрь жалпы ата-энелерге бала бакчанын (курулуш иштери,тайпаларды жаңыртуу, эмерек менен камсыз кылуу ж.б жабдыктар боюнча маселелерди чечүү)

1.Ата-энелер комитетин шайлоо

2.Ата-энелердин укуктары менен тааныштыруу.

Октябрь айында ата-энелер комитеттерине жыйналыш өткөрүү.Мурунку жыйналышта сунуш боюнча эрежелерди бекитүү.Алдыда келе жаткан  майрамга  акча белек топтоого тыйуу салуу.

3.Октябрь айында ата –энелерге өткөрүлүчү иш чараларга тематикалык иш чара менен тааныштыруу.Октябрь айында “Карысы бардын ырысы  бар” деген темада  иш чара өткөрүлдү,иш -чара жогорку деңгээлде өттүү.Иш -чара нын катышычуулары  өздөрүнүн ыразычылыктарын билдиришти.

Ноябрь айында “Атам  апам жана мен” деген темада конкурс өткөрүлдү.

6тайпадан ата-энелер бадары менен катышышты,конкурс абдан    жакшы болду.Ар кандай  тапшырмалар  берилип,  кызыгуу менен тапшырмаларды аткарышты ,ар бир катышуучуга фонддон 5000 сом бөлүндү.Грамоталар жана белектер тапшырылды.

Декабрь айында жаңы жылга ,тайпалардын ичин жасалгалоо боюнча эч кандай  каражат чогултпоо тарбиячыларга дайындоо.

Көзөмөл  ата-эенелерге дайындалып,балдарга майрамдык маанай тартуулоо.Январь айында жогорку тайпанын ата-энелер чогулушу болду.

1.Сурамжылоо баракчаларын толтуруп,тайпадагы маселелерди аныктоо.

2.Ата-энелерди чогулушка жигердүү катышууга тартуу.

3.Маалымат албаган ата-энелерге этикалык комиссия аркылуу  иш алып баруу,сүйлөшүү.

4.Ата-энелер комитетине ар кандай иш-чараларга жана буйрукка кол койдуруу.